Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Бишкектеги арзан деген базарлардын бири болгон "Ош" базарына барып, эл көп алган азык-түлүктүн наркын сураштырды.
Сатуучулардын айтымында, 10 күн ичинде базарда ун, өсүмдүк майы жана кумшекердин баасы дароо көтөрүлүп кеткен.
Маселен, 5 литр өсүмдүк майы бир апта мурда 700 сом болсо, азыр 800 сомдон кымбат сатылып жатат. 1 килограммы 65 сомдон сатылган кумшекер 80 сомго чыкса, Казакстандан келген ундун бир кабынын наркы 150 сомго көтөрүлүп, 2500 сомго чейин бааланууда.
Базарда азык-түлүк сатып соода кылган Эркинбек Эшалиев азык-түлүктүн баасы кампада дүңүнөн саткандардан көз каранды экенин белгиледи.
"Күрүч, кумшекер, ун баары өзүбүздө өндүрүлөт. Кампада дүңүнөн саткандар доллар көтөрүлсө эле булардын баасын да жогорулатып жиберет. Өзүбүздөн чыккан азык-түлүктүн долларга кандай тиешеси бар? Базардагы азык-түлүктүн баасы бизден көз каранды эмес. Акыркы маалда айрыкча кумшекер аябай кымбаттап кетти. Элестетиңиз, бир кап кумшекердин баасына 500 сом кошулду", — деди ал.
Эшалиев өкмөт товарды дүңүнөн саткан ишкерлерди көзөмөлдөш керек деп эсептейт. Базарда башка азык-түлүктүн баасы да акырындап жогорулай баштаган.
Экономика министрлигинин маалымат кызматы учурда министрлер кабинети жана ассоциациялар менен бул жаатта антикризистик план иштелип жатканын айтып, ушул аптанын аягында ЖМКларга маалымат берилерин билдирди.
Ал эми Айыл чарба министрлигинин азык-түлүк коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Данияр Жанузаков Мамлекеттик материалдык резервдер фондундагы запасты эске албаганда, ун азыктары алты айга, ал эми кумшекер 130-140 күнгө жетерин белгиледи.
Монополияны жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин адиси Карлыгач Айдарова өкмөттүн чечими чыкмайынча агенттик бааны көзөмөлдөй албай турганын айтты.
"Азык-түлүк бир айдын ичинде 20 же андан ашык пайызга кымбаттап, министрлер кабинети бааны көзөмөлдөө боюнча чечим чыгарган учурда гана биз текшерип, бааны көзөмөлдөй алабыз. Ага чейин атаандаштык чөйрөгө кийлигишүүгө акыбыз жок", — деди Айдарова.
Эске салсак, 2021-жылдын соңунда экономика министри Данияр Амангелдиев өлкөдө ун, кумшекер импорту кошумча нарк салыгынан бошотулганын айткан. Дагы бир белгилей кетчү жагдай, Кыргызстан өзүн өсүмдүк майы менен 25 пайыздан ашыгыраак гана көлөмдө камсыздайт. Калганы сырттан импорттолот. Көбүнчө өлкөгө өсүмдүк майы Россия менен Казакстандан келет.