Таңгагын ачпаңыз! Адис алтын куймаларын үйдө сактоо эрежелерин айтып берди

Кыргызстандын Улуттук банкы 1, 2, 5, 10, 31,1 (унций) жана 100 грамм салмактагы алтын куймаларын сатып жатат. 10-мартка карата алтындын 1 граммы кечээкиден 157 сомго кымбаттап, 8160,5 сомдон сатылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Банктан сатып алган алтын куймаларын үйдө кантип туура сактоо керектигин РИА Новости агенттигине Россиянын Финансы министрлигинин кызматкери, финансылык сабаттуулук боюнча адис Надежда Грошева айтып берди.
"Алтын куймаларын банктан башка жакта сактоону чечсеңиз, бир нече эрежени билүү керек. Мисалы, аны таңгагынан чыгарбай сактоо туура. Мындан тышкары, сертификатын жоготпогула. Ансыз кийин таптакыр сата албай каласыңар. Негизи алтын куймаларды банк кардардан сатып алып жатканда "мыкты" жана "канааттандырарлык" абалда деп баа беришет. Баасы дагы ошого жараша болот. Эң туурасы — алтынды эч кимге кармалатпай, жакшы сакташ керек", — деди Грошева.
Ошондой эле адис куйманы сатып алып жатканда эмнеге көңүл буруу керектигин түшүндүрдү.
"Алтын банк өзү орогон таңгакта кармалып, бетинде чийиги же тактар болбошу керек", — деди ал.
Эске салсак, 28-февралда президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды эгерде акчасы болсо, аны бош койбой алтын алып коюуга чакырган.
Учурда Кыргызстандын Улуттук банкы 1, 2, 5, 10, 31,1 (унций) жана 100 грамм салмактагы алтын куймаларын сатып жатат. 10-мартка карата алтындын 1 граммы кечээкиден 157 сомго кымбаттап, 8160,5 сомдон сатылууда.
Улуттук банктан алтын куймаларды сатып алуунун күнгөй менен тескейи