Беш министр парламентте ант берди. Жапаров кайрылуу жасады

Мамлекет башчы министрлерди президентке, парламентке сөз тийгизбей иштөөгө чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңеш беш министрдин антын кабыл алды.
Мыйзам боюнча жаңы дайындалган министрлер эл өкүлдөрүнүн жана президенттин алдында ант бергенден кийин кызматына толук киришет.
1 / 3

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев

2 / 3

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев

3 / 3

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев

Төмөнкү министрлер ант берди:
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев;
Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев;
Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов;
Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев.
Ант берүү аземине президент Садыр Жапаров да катышты. Аягында мамлекет башчы министрлерге кайрылып, эгер калпыстык кетиришсе президентке, парламентке сөз тие турганын эскертти. Ар бир жасаган иши элдин элегинен өтүп, жакшы демилгелери тарыхта жазылып каларын белгиледи.
Андан соң Жапаров өлкөдөгү кырдаал тууралуу кайрылуу жасоого өттү.
Алтынбек Сулайманов президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү болуп дайындалды