УКМК кызматкерлери ок атуу боюнча ири мелдеште II жана III орун алышты

4-6-мартта Казакстандын практикалык атуу ассоциациясы тапанчадан атуу боюнча эл аралык IV Almaty Open 2022 мелдешин уюштурган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Кыргызстандын УКМК кызматкерлери ок атуу боюнча эл аралык мелдеште 2 жана 3-орунду алды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Билдирмеге караганда, 4-6-мартта Казакстандын практикалык атуу ассоциациясы тапанчадан атуу боюнча эл аралык IV Almaty Open 2022 мелдешин уюштурган.
"Спортчулар көнүгүүнүн 13 түрү боюнча күч сынашкан. Анда катышуучулардын айрымдары бирден, кээ бири команда болуп чыккан. Турнирдин жыйынтыгында УКМКнын атайын күчтөрүнүн жоокерлери 2 жана 3-орунду алды", — деп айтылат билдирмеде.
Мелдешке Казакстан, Россия, Германия жана Кыргызстандын спортчулары катышканы кошумчаланды.
УКМК кызматкеримин деп 300 миң сом талап кылган шектүү кармалды. Сүрөт
Ак жолтой болушту! Кыргыз спортчуларынын жыл ичиндеги ийгилиги