Жапаров депутаттарды оппозиция-позиция болбой ынтымакта иштөөгө чакырды

Мамлекет башчынын айтымында, кылдан кыйкым издебей, ишти илгерилетүүнүн үстүндө гана алектенүү абзел.
Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров кризис мезгилинде оппозиция-позиция деп бөлүнбөй ынтымакта иштөөгө чакырды.
Ал бүгүн парламентке келип, айрым министрлердин ант берүү аземине катышып, андан соң кайрылуу жасады.
"Доллардын курсу, күйүүчү майдын жана азык-түлүктүн баасы барган сайын өсүп жатканын элибиз менен чогуу баштан өткөрүп жатабыз. Ушундай кыйчалыш убакта бизге эң оболу ынтымак керек болууда. Бизге капшабы тийип жаткан сырткы таасирлерди жумшартуу максатында бийлик бутактарынын айткан сөзү менен жасаган иши айкалышып, бир багытты көздөп, бир муштумга бириккендей иштөө зарыл", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал депутаттарга кайрылып, экономикалык агым акыйлашып отурууга карабай турганын айтты.
"Биздин биринчи приоритетибиз экономикалык потенциалыбызды мүмкүн болушунча сактап калуу болууда. Сиздерде дагы жакшы ой-пикир, сунуштар бар экенине ишенем. Болгону бири-бирибизди сындап, кылдан кыйкым издебей, ишибизди илгерилетүүнүн үстүндө гана болсок деген тилек. Башкага убакыт жок. Дүйнөлүк экономикалык агым, баалардын өсүшү биздин сындашып, акыйлашып отурганыбызга карабайт", — деди президент.
Мамлекет башчы андыктан амбицияларды жыйыштырып, оппозиция-позиция дебей бул сыноодон татыктуу өтүш үчүн колдон келгендин баарын ыкчам түрдө ишке ашыруу мезгил талабы болуп жатканын белгиледи.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Жапаров: Россия менен Украина ортосундагы жаңжалда калыс болушубуз керек