Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШ Украинада биолаборатория бар экенин моюндады

Сенаттагы отурум учурунда Нуландга Украинада химиялык же биологиялык курал барбы деген суроо берилген.
Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Виктория Нуланд Украинанын аймагында биологиялык изилдөөлөрдү жүргүзгөн объектилер бар экенин айтып, Киев менен Вашингтон ал жакта топтолгон материалдардын Россиянын колуна тийип калбашы үчүш болгон аракетин жумшап жатканын кошумчалады.
РИА Новости агенттигинин жазганына караганда, сенаттагы отурум учурунда Нуландга Украинада химиялык же биологиялык курал барбы деген суроо берилген.
"Украинада биологиялык изилдөөлөрдү жүргүзгөн объектилер жайгашкан. Учурда андагы изилдөөдөн өткөн материалдар Россиянын колуна тийип калбасын деп тынчсызданып, болгон аракетти жумшап жатабыз", — деди Нуланд.
Буга чейин Москва украиналык биолабораториялардын кызматкерлеринен Россияга жакын жайгашкан украиналык аймактарда биологиялык куралдардын компоненттери жасалгандыгын тастыктаган документтерди алганын айткан. Ошондой эле лабораторияга иштетүү үчүн АКШ 200 миллион доллар сарптаганы кошумчаланган.
Көп өтпөй Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Чжао Лизцянь АКШга кайрылып, башка мамлекеттин аймагында биологиялык лабораторияларды каржылоо боюнча түшүндүрмө берүүгө чакырган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский Россия менен Крым, ЛЭР жана ДЭРди талкуулашы мүмкүндүгүн билдирди