Арзыбек Кожошев соода борборун кыдырып, ККМ боюнча түшүндүрүп берди

Текшерүүнүн жүрүшүндө айрым сатуучулар ККМ боюнча түшүнүгү жок экенин, кээ бири аны орнотууга ниеттенбей жатканын айтышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев соодагерлердин контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) пайдаланып жатканын билүү үчүн Бишкектеги "Айчүрөк" соода борборуна барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
1 / 4

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев соодагерлердин контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) пайдаланып жатканын билүү үчүн Бишкектеги "Айчүрөк" соода борборуна барды

2 / 4

Текшерүүнүн жүрүшүндө айрым сатуучулар ККМ боюнча түшүнүгү жок экенин, кээ бири аны орнотууга ниеттенбей жатканын билдиришкен

3 / 4

Кожошев сатуучулар ККМ пайдаланышы керектигин айтып, пенсия, дарыгер менен мугалимдердин маянасы, ар кандай социалдык төлөмдөр контролдук-кассалык машиналардын ишке киришинен көз каранды экенин белгилеген

4 / 4

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары ККМ боюнча Мамлекеттик салык кызматы түшүндүрүү иштерин жакшы жүргүзбөй жатканын айтып, аларга бул ишти күчөтүүнү тапшырган

Текшерүүнүн жүрүшүндө айрым сатуучулар ККМ боюнча түшүнүгү жок экенин, кээ бири аны орнотууга ниеттенбей жатканын билдиришкен. Кожошев сатуучулар ККМ пайдаланышы керектигин айтып, пенсия, дарыгер менен мугалимдердин маянасы, ар кандай социалдык төлөмдөр контролдук-кассалык машиналардын ишке киришинен көз каранды экенин белгилеген.
"Бул жерде соода түйүнүн ижарага алуу 30 миң сомдон башталат. Ал каражаттын баары соода борборлорунун ээлерине кетет. Биз сатуучулардан акча өндүрүүнү көздөгөн жокпуз. Максатыбыз — ири соода түйүндөрүн салык төлөтүү. ККМ жок бул жерде же башка соода борборлорунда канча соода түйүнү иш жүргүзүп жаткандыгын биле албайбыз. Бул өтө маанилүү", — деген Кожошев.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары ККМ боюнча Мамлекеттик салык кызматы түшүндүрүү иштерин жакшы жүргүзбөй жатканын айтып, аларга бул ишти күчөтүүнү тапшырган.
"Ар бир сатуучуга контролдук-кассалык машиналарды ишке киргизүүнүн жана колдонуунун маанисин түшүндүрүү зарыл. Салык төлөө ар бир жарандын милдети", — деген ал.
Кожошев элге кайрылып, соодагерлерден кассалык чек талап кылууга чакырган.
ККМди түшүндүрдү… Садыр Жапаровдун "Дордой" менен "Ош" базарды кыдырган видеосу