БШК Свердлов округунан шайланган Муртазалиевдин жеңишин жокко чыгарды

Талапкер добуш сатып алууга айыпталып жатат. БШКнын чечимине макул болбосо сотко кайрыла алат.
Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Свердлов шайлоо округунан утуп чыккан талапкер Абдурахманхажи Муртазалиевдин алган добушун жараксыз деп тапты.
Ал добуш сатып алууга айыпталып, талапкерлердин каттоосунан чыгарылды.
ИИМдин жана Бишкек шаардык милициянын тергөөчүлөрү Муртазалиев добуш сатып алганы тууралуу факты аныкталганын билдиришти. Шайлоочуларга акча таратууга шектелип кармалган эки жарандын талапкер менен байланышы бар экени далилденгени айтылды.
Ал эми БШКнын Ыкчам чара көрүү жана координациялык тобунун жетекчиси Тынчтык Шайназаров Муртазалиевдин талапкерлигин четке кагууну сунуштады.
Натыйжада БШКнын мүчөлөрү укук коргоо органдарынын маалыматтарын эске алуу менен Абдурахманхажи Муртазалиевдин шайлоодогу жеңишин жокко чыгарды. Мындай чечимди БШКнын бардык мүчөлөрү бир добуштан колдоду.
Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова талапкерге эгер чечимге макул болбосо үч күндүн аралыгында сотко кайрылууну сунуштады.
Белгилей кетсек, 27-февралда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоодо Свердлов округунан Абдурахманхажи Муртазалиев 5 806 добуш алып (19.52%) утуп чыккан. Экинчи орунду Шайлообек Атазов алган.
Парламент Мадумаровду кылмыш жообуна тартууга макулдук берген жок