БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Биолог Галина Михасенок URA.RU сайтындагы маегинде, үйдүн ичинде кайсы жашылчаларды өстүрсө болорун айтты.
Адистин пикиринде, кышкысын терезеге коюп алып, көк пияз, укроп, салат жалбырактарынан тышкары, помидор менен бадыраңдын айрым сортторун дагы өстүрсө болот.
"Жашылча көчөттөрүн саткандардан сурасаңар, күндү көп талап кылбаган кортторду көрсөтүшөт. Өзгөчө бадыраңдын көлөкөдө өсө берген түрлөрү көп. Ошондой эле баклажан менен калемпирди дагы байкап көрсө болот. Эгер өсүмдүктөргө күндүн нуру жетишсиз болуп жатса, лампа менен жарык берип турса болот", — деди биолог.
Сөзүнүн соңунда Михасенок мындай жол менен көп түшүм алуу мүмкүн болбосо дагы, кышкысын химиясыз, таза жол менен өстүрүлгөн жашылчалар организмге бир топ витаминдерди берип турарын кошумчалады.