Чукул кабар! Доллар 103 сомго чыкты

24-февралда өлкөдө доллар 10 сомго чейин кымбаттап 95ке жеткен. Андан соң акырындык менен түшө баштаган болчу. Соңку күндөрү 98 сомго чейин көтөрүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Бишкекте АКШ акчасынын баасы көтөрүлүп отуруп, ушул сааттарда аны сатуу 103 сомго жетти.
Бишкек убактысы боюнча саат 16.00дө бир катар ири банктар менен акча алмаштыруу жайлары аны 98,50 - 99 сомдон сатып алып, 101 сомдон 103 сомго чейин сатып жатышат.
Белгилей кетсек, 24-февралда өлкөдө доллар 10 сомго кымбаттап, 95ке чейин жеткен. Андан соң акырындык менен түшө баштаган. Бүгүн эртең менен 98,50 сомдон сатылып жаткан.
Ассоциация: сомдун кунунун түшүшү күйүүчү майды дагы кымбаттатышы мүмкүн
Кыргызстан өсүмдүк май импортунан көз каранды. Өндүрүшчүлөрдө түшүм кандай?