Туман түшөт, сак болгула! Кайгуул милициясы айдоочуларга кайрылды

Буга чейин синоптиктер Кыргызстанда апта бою көпчүлүк аймактарда жаан, тоолордо жана тоого жакын райондордо кар жаай турганын божомолдошкон.
Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам милициянын кайгуул кызматы айдоочуларга кайрылып, жолдо сак болууга чакырды.
"Калың туман каптап, жолдо жүрүү кооптуу. Айдоочулардан жолдо жүрүү учурунда ортодогу аралыкты сактап, ылдамдыкты азайтып, туманга каршы алдыңкы фараларды күйгүзүп жүрүүнү суранабыз", — деп айтылат билдирүүдө.
Айрыкча алыс жолго чыгуучу унаалар алдын ала даярдык менен унаанын техникалык абалына өзгөчө көңүл буруусу зарыл.
Буга чейин синоптиктер Кыргызстанда апта бою көпчүлүк аймактарда жаан, тоолордо жана тоого жакын райондордо кар жаай турганын божомолдошкон. Жер-жерлерге туман түшүп, жолдор тайгак болот.
Бишкекте тез жардам унаасын өткөрбөгөн айдоочуларга ири суммада айып салынды
Кар жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы