Сыймык, сыйлык, жеңиш! Хоккей боюнча дүйнө чемпионатынан 14 сүрөт

IV дивизиондогу хоккей боюнча 2022-жылдагы дүйнө чемпионатында Кыргызстан чемпион болду. Жыйынтыктоочу беттеш кандай болгонун Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн көрө аласыздар.
Sputnik
Улуттук команда 3-мартта Ирандын тайпасын 13:1 упай менен, 5-мартта Малайзиянын тайпасын 22:1 упай эсеби менен жеңген. 7-мартта Сингапурдун хоккейчилерин ири эсеп менен утуп, кийин жыйынтыктоочу оюнда Кувейттен келген команданы 14:0 менен жеңип, үчүнчү дивизионго көтөрүлдү.
Жыйынтыктоочу оюнду мамлекет башчы Садыр Жапаров да көргөн. Оюн бүткөндө президент өзүнүн атынан бардык команда мүчөлөрүнө, машыктыруучулар курамына жана улуттук кураманын дарыгерлерине акчалай сыйлык тапшырган. Андан соң Жапаров улуттук команданын кийим алмаштыруучу жайына кирип, хоккейчилерди чемпионаттагы ишенимдүү жеңиши менен куттуктап, Кыргызстан командасы III дивизиондо жеңсе, сыйлык үч эсе көп болорун убадалаган.
Белгилей кетсек, төртүнчү дивизиондун командалары арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионаты 2022-жылдын 3-8-март күндөрү Бишкек шаарында өттү. Бул республиканын аймагында болгон спорттун олимпиадалык түрү боюнча биринчи дүйнөлүк чемпионат. Турнирге Кыргызстан, Кувейт, Сингапур, Малайзия жана Ирандан беш курама команда катышты.
1 / 14

IV дивизиондогу хоккей боюнча 2022-жылдагы Дүйнө чемпионаты бул ирет Бишкекте өттү

2 / 14

Жыйынтыктоочу оюнда Кыргызстан менен Кувейт командалары беттешти

3 / 14

Мелдешке мамлекет башчы Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова келди

4 / 14

Жыйынтыктоочу оюнга чейин Кыргызстан командасы Ирандын тайпасын 13:1 упай менен, Малайзиянын тайпасын 22:1 упай эсеби жана Сингапурдун хоккейчилерин ири эсеп менен уткан

5 / 14

Кыргызстан биринчи жолу өз мекенинде болгон дүйнө чемпионатына катышты

6 / 14

Ата мекендик команданы сүрөгөн күйөрмандар

7 / 14

Оюн Бишкекте 3-марттан 8-мартка чейин болуп, ага Кыргызстан, Кувейт, Сингапур, Малайзия жана Иран катышты

8 / 14

Алгач чемпионат 2020-жылга пландалып жаткан, бирок пандемиядан улам ал эки жылга жылган

9 / 14

Кичинекей хоккей күйөрманы

10 / 14

Кыргызстандыктар Кувейтти 14:0 эсеби менен утту

11 / 14

Садыр Жапаров ата мекендик хоккейчилерди куттуктап, бардык команда мүчөлөрүнө, машыктыруучулар курамына жана улуттук кураманын дарыгерлерине акчалай сыйлыктарды тапшырган

12 / 14

Ошентип Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы кийинки үчүнчү дивизионго өттү

13 / 14

Колун жүрөгүнө коюп, гимн ырдаган хоккейчилер

14 / 14

Жапаров оюн бүткөн соң улуттук команданын кийим алмаштыруучу жайына кирип, Кыргызстан командасы III дивизиондо жеңсе, сыйлык үч эсе көп болорун убадалаган

Тема боюнча:
Кийинкиде үч эсе көп болот. Жапаров хоккейчилерге сыйлык тапшырган видео
Конькичен Жапаровдон Украинада эвакуациялангандарга чейин. Таасирдүү 15 ирмем
Пекин XXIV Кышкы Олимпиаданы жапты. Кызыктуу сүрөттөр