Эл 1,2 млрд. сомдук алтын куймаларды сатып алды. Улуттук банктын маалыматы

2015-жылдын 7-майынан тарта Улуттук банк уютулган алтынды сатып баштаган. Максат — акчаны чет элдик долларга эле салбай, кымбат баалуу металлга да инвестиция кылууга шарт түзүү эле.
Sputnik
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. 2015-жылдан бери 331,3 килограммдык уютулган алтын элге соодаланса, анын 165,5 килограммы кайрадан сатып алынган. Бул тууралуу Улуттук банктан Sputnik Кыргызстанга айтып берди.
2015-жылдын 7-майынан тарта Улуттук банк уютулган алтынды сатып баштаган. Максат — акчаны чет элдик долларга эле салбай, кымбат баалуу металлга да инвестиция кылууга шарт түзүү эле. Куймалар алган тарап банкка кайра сатса болот деген эреже менен чыгарылат. Анын баасы күнүгө такталып турат.
"2015-жылдын 7-майынан тарта Улуттук банк 331,2 килограммдык аффинаждалган алтын куйманы 1 200,2 млн. сомго саткан", — деп айтылат алынган маалыматта.
Андан сырткары, баалуу металлды кайра сатып алынган маалыматтар да келтирилген, тагыраагы, 165,5 килограммды түзүп, ал 571,5 млн. сомго бааланган.
Улуттук банк 1 граммдан 100 граммга чейинки уютулган алтындарды сатып келет.
Улуттук банктан алтын куймаларды сатып алуунун күнгөй менен тескейи