БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Үй же батир сатып алып жатканда кийин көйгөй жаралбаш үчүн кайсы документтерге көңүл буруу керек экенин "Прайм" агенттигине юридикалык маселелер боюнча консультант Наталья Киселева айтып берди.
"Үй сатып жаткан кишинин атына катталуу болушу керек. Ошондой эле үйдүн документтеринде кандайдыр бир оңдоп-түзөөлөр, өзгөртүүлөр, майда-чүйдө болсо дагы юридикалык көйгөйлөр болбошу зарыл", — деди адис.
Ошондой эле көп кабаттуу үйдөн батир сатып алып жаткан кардар жалпы үйдүн китебинен маалыматтарды алып алганы туура. Мисалы, анда бул батирге дагы башка адамдын укугу бар экени тууралуу жазылышы мүмкүн.
Мындан тышкары, консультант сатуучунун өзүнүн документтерине көңүл бурууга чакырат. Тагыраагы, анын паспорту жасалма эмеспи, жарактуу мөөнөтү өтө элекпи билип алыш керек. Ошондой эле эч бир документте күмөн санаткан кол тамгалар жана мөөрлөр болбошу зарыл.