Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин: мөөнөттүү аскердик милдетин өтөп жаткандар атайын операцияга чакырылбайт

Владимир Путин атайын операцияны жүргүзүүдө запаста тургандар боюнча кошумча чакыруулар болбостугун айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Мөөнөттүү аскердик милдетин өтөп жаткандар Украинадагы атайын операцияга чакырылган эмес жана мындан ары да чакырылбайт. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путиндин айткандыгын РИА Новости жазды.
Мамлекет башчы азыр атайын операцияда жүргөн аскер кызматкерлеринин жакындарына, туугандарына кайрылды.
"Жакындарыңыз, жакшы көргөн адамыңыз үчүн ойлонуп, түйшөлүп жатасыздар, түшүнөм. Сиздер да биз, жалпы өлкө сыяктуу сыймыктансаңыздар болот, алар үчүн бүткүл мамлекет ойлонуп, түйшөлүп турат. Белгилей кетейин, согуштук аракеттерге мөөнөттүү аскердик милдетин өтөп жаткан жоокерлер катышкан эмес, катышпайт дагы. Запаста тургандарды да кошумча чакыруу болбойт", — деген Путин.
Россия Украинадагы операцияны 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" экендигин айткан. Бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жаткандыгын белгилеген. Россиянын Коргоо министрлиги Куралдуу күчтөрү соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдиришкен. Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору соккусун улантууда. Президент Украинаны оккупациялоо туурасында кеп болбогондугун айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Атылбаган октор, ээсиз калган бронежилет: Донецк багытына бараткандагы видео