Доллардын курсу дагы жогорулады. 8-мартка карата баалар

Sputnik Кыргызстан редакциясы Бишкекте алтын, күйүүчү май жана чет элдик валюталардын баасы кандай өзгөргөнүнө баам салып турат.
Sputnik
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Өткөн суткада доллар жана евро кымбаттады. Ал эми май куюучу жайларда күйүүчү майдын баасы ошол бойдон кармалып турат.
АКШ акчасын учурда 98,2 сомго (1,07 сомго жогору) сатып алып, 98,5 сомдон сатып жатышат. Еврону сатып алуу — 106,5 сом (1,25 сомго кымбат), сатуу — 109,5 сом (1,23 сомго кымбат). Рублди сатып алуу — 0,77 тыйын (1,8 тыйынга кымбат) болсо, 0,955 (12,5 тыйынга арзандады) тыйындан сатылууда. Теңгенин баасы өзгөргөн жок.
Күйүүчү май мурдагы күндөрдөгү баасы менен сатылып жатат.
"Бишкек Петролеум":
АИ-92 — 60,9 сом;
АИ-95 — 64,5 сом;
Дизель майы — 61,5 сом.
"Газпром нефть Азия":
АИ-92 — 61,5 сом;
АИ-95 — 65,5 сом;
Дизель майы — 62,5 сом.
Дем алыш күндөрү Улуттук банк алтын куймаларын сатпайт.
Улуттук банктан алтын куймаларды сатып алуунун күнгөй менен тескейи