БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Өлкөдө аялдар менен эркектердин саны дээрлик бирдей, бирок аялдар 8 жылга көбүрөөк жашашат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Үстүбүздөгү жылдын 1-январына карата Кыргызстанда 6,8 миллион адам жашаса, анын 50,4 пайызы аялдар.
Жыл сайын кыздарга караганда уул балдар бир аз көбүрөөк төрөлөт (100 кызга 105 эркек бала туура келет). Бирок жаш курагы 40тан ашкандан кийин аялдар басымдуулук кыла баштайт. Ал эми 80 жаштан ашкан аялдардын саны эркектерден дээрлик эки эсеге жогору. 2020-жылы аялдардын жашоо узактыгы орто эсеп менен 76 жашты, эркектердики 68 жашты түзгөн.
Статистикага ылайык, Кыргызстанда аялдар орто эсеп менен үч же андан көп, ал эми айылдарда төрт же андан көп бала төрөйт.