Улуттук банк жыл башынан бери 225 миллион доллар сатты

Улуттук банктын эл аралык резервинин көлөмү жетиштүү жана алдыда дагы алты айга жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 7-мар. – Sputnik. Улуттук банк жыл башынан 4-мартка чейин төрт жолу интервенция жүргүзүп, 225 миллион доллар саткан. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине өлкөнүн башкы банкынан кабарлады.
Маалым болгондой, Улуттук банктын эл аралык резервинин көлөмү жетиштүү жана алдыда дагы алты айга жетет. 4-мартка карата Улуттук банктын эл аралык резерви 2 миллиард 760 миллион долларды түзөт.
"Жыл башынан 4-мартка чейин акча алмаштыруу жайларындагы кырдаалдан улам Улуттук банк төрт жолу интервенция жасап, 225 миллион доллар саткан. Анын ичинен 26,8 миллион доллары накталай сатылган", — деп айтылат маалыматта.
4-мартта Улуттук банк 55 миллион 350 миң доллар сатканы белгилүү болду.
Башкы банктын буга чейинки интервенциясы:
12-январь — 70,1 миллион доллар;
27-январь — 86,5 миллион доллар;
24-февраль — 13 миллион 50 миң доллар.
Доллардын көтөрүлүшү кыргызстандыктарга кандай кесепетин тийгизүүдө? Видео