Өмүрдү узартуунун жолу: күн сайын канча убакыт басуу керек

Адистер иликтөөнүн жүрүшүндө ар кайсы өлкөдөгү 18 жаштан жогору 50 миң кишинин маалыматын анализдеп чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. АКШнын Массачусетс университетинин окумуштуулары өмүрдү узартуу үчүн күн сайын канча убакыт басуу керектигин айтып берди. Изилдөөнүн жыйынтыгы тууралуу Lancet Public Health журналы жазды.
Адистер иликтөөнүн жүрүшүндө ар кайсы өлкөдөгү 18 жаштан жогору 50 миң кишинин маалыматын анализдеп чыккан. Катышуучуларды төрт тайпага бөлүшкөн. Алар күнүнө 3,5 миң, 5,8 миң, 7,8 миң жана 10,9 миң кадам басышкан. Окумуштуулар төртүнчү топко караганда биринчи үч топтогу катышуучуда өлүм тобокелдиги 40-53 пайызга азайганын аныкташкан.
Натыйжада адистер 60 жаштан өткөндөр узак жашайм десе күнүнө 6-8 миң кадам басышы керектигин айткан. Ал эми 60 жашка чейинкилерге 8-12 миң кадам басууну сунушташкан.
Окумуштуулар өмүрдү 10 жылга узартуунун жолун айтып беришти