Brent мунайынын баасы 130 доллардан ашып, жаңы рекорд жаратты

Эталондук үлгү болуп эсептелген Brent буга чейин эң жогорку баага 2008-жылы жеткен. Анда кара алтындын бир баррели 147,5 доллар болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Дүйшөмбүдө Brent үлгүсүндөгү мунайдын баасы 2008-жылдан бери биринчи жолу баррелине 130 доллардан ашты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Бишкек убактысы боюнча саат 5:28ге карата май фьючерстеринин баасы болжол менен 9,35 пайызга өсүп, баррелине 129,06 долларды түздү. Ал эми WTI үчүн апрель айындагы фьючерстер 9,68 пайызга өсүп, баррелине 126,12 доллар болду. Саат 5.06да Brent үлгүсүндөгү нефтинин баасы 130,3 долларга жеткен.
Эталондук үлгү болуп эсептелген Brent буга чейинки эң жогорку баасы 2008-жылы катталган. Анда кара алтындын бир баррели 147,5 доллар болгон.
Эске салсак, Rystad Energy аналитикалык агенттигинин адистери Россиянын Украинадагы атайын операциясы маалында нефть жеткирүү жолдоруна зыян келтирилсе, анын баасы июнь айына чейин 130 долларга жетет деп божомолдошкон эле.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Газ менен нефтинин кымбатташы: Борбор Азияга таасири кандай болот