Эскертүү! Кар көчкүдөн улам Бишкек — Ош унаа жолу жабылды

Бишкек — Ош унаа жолунун болжол менен 120-121 чакырымында кар көчкү түшкөн. Учурда жол дагы убактылуу жабык.
Sputnik
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Кар көчкүдөн улам "Сосновка" постунан унаалардын бардык түрү үчүн жол жабылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Чүй облусунун Жайыл районунда Бишкек — Ош унаа жолунун болжол менен 120-121 чакырымында (Абла тилкеси) кар көчкү түшкөн.
Жерине тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн бир жүктөгүч, бир грейдер, ӨКМдин ыкчам тобу жана нөөмөттө турган үч куткаруучу тартылган.
Министрлик кошумча маалымат берүүнү убадалады.
Казарманда 60 метрлик көчкүнүн алдында калгандарды издеген куткаруучулар. Видео