Конькичен Жапаровдон Украинада эвакуациялангандарга чейин. Таасирдүү 15 ирмем

Арзандаган сом, кымбаттаган мунай заттары, Россия менен Украинадагы сүйлөшүүлөр, хоккей боюнча Кыргызстанда өткөн чемпионат. Sputnik Кыргызстан өткөн аптада дүйнөдө болгон кызыктуу окуялардын сүрөттөрүн сунуштайт.
Sputnik
1 / 15

"Кальмар оюндарынын" жылдыздары Ли Жон-Жэ менен Чон Хо-Ен АКШнын киноактёрлор гильдиясынын сыйлыгын тапшыруу боюнча салтанатында аталган драмалык сериалдагы аялдын жана эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн сыйланышты. Түштүк кореялыктардын "Кальмар оюндары" 2021-жылдын 17-сентябрында экранга чыгып, Netflix боюнча 90 өлкөдө көрсөтүлгөн картиналардын сап башында турган

2 / 15

Украинанын жанында турган россиялык аскердик техника. Россия аталган өлкөдө атайын операциясын 24-февралда баштаган. Президент Владимир Путин: "Максат — сегиз жылдан бери Киевдин басмырлоосу менен геноцидге кабылып келген адамдарды коргоо" деп атаган

3 / 15

Бишкектеги доллардын курсунун таблосу. Акыркы 10 күн ичинде сомдун курсу евро менен долларга карата кескин түшүп кетти. 25-февралда доллар 84,75 сом болсо, 6-мартта 98,5ти чапчыды

4 / 15

Америкалык рэп ырчысы Дожа Кэт жыл сайын өтүүчү Billboard Women in Music Awards сыйлыгын тапшыруу учурунда

5 / 15

Бишкекте мамлекеттик туунун кабыл алынышынын 30 жылдык урматына карата салтанаттуу иш-чара өттү. Мамлекеттин башкы символдорунун бири КРдин Жогорку Совети тарабынан 1992-жылдын 3-мартында кабыл алынган

6 / 15

Кыргызстандын борборундагы ак калпак майрамы

7 / 15

Супермодель Белла Хадид Париждеги мода жумалыгында

8 / 15

Россия-Украина делегацияларынын Беларустагы сүйлөшүүсүнүн экинчи раунду. Тараптар жарандарды эвакуациялоо, элге азык-түлүк, дары-дармек жеткирүү үчүн гуманитардык коридорду биргелешип ачууну сүйлөштү

9 / 15

Түштүк Америкадан келе жаткан мигранттардын АКШ-Мексика чек арасында Рио-Гранд дарыясынан өтүп жаткан учуру

10 / 15

Гонконгдогу оорукананын жанындагы COVID-19ду дарылоо боюнча ачылган жай. Мындан мурдараак берилген маалыматтарда бир суткада 10 миңден ашык кишинин дартты жуктуруп алганы кабарланган

11 / 15

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бишкекте өткөн IV дивизиондогу хоккей боюнча дүйнө чемпионатында муз үстүнө коньки тээп чыкты. Ага Кыргызстандын, Кувейттин, Малайзиянын, Сингапурдун жана Ирандын командалары катышууда

12 / 15

Оюнда Кыргызстандын хоккейчилери ирандык атаандаштарын муз үстүндө 13:1 эсебинде утту

13 / 15

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун чакыруусу менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев расмий сапар менен Москвага барган. Быйыл эки тараптын, Кыргызстан менен Россиянын дипломатиялык мамилесине 30 жыл болду

14 / 15

Гуманитардык коридор аркылуу чыгып кеткен Мариуполдун жашоочулары Новоазовск районундагы Безыменное айылында

15 / 15

Реймстен (Франция) алыс эмес жерде жайгашкан мунай заттын мунарасы. 2008-жылдан бери биринчи ирет Brent нефтиси баррелине 130 долларга чыкты

Тема боюнча:
Көкүрөгү ыйга толгон, ойго баткан энелер. Донбасстагы турмуштан 10 сүрөт
Кыргызстанда дүйнөлүк хоккей! Чемпионаттын ачылышынан 15 сүрөт
Бүгүн Кыргызстанда мамлекеттик туу күнү белгиленди. Сүрөт