Владимир Путин 21-февралда Донбасстын суранычы менен ЛЭР, ДЭРдин көз карандысыздыгын тааныган жарлык чыгарган. Ал эми 24-февралда Украинаны демилитаризациялоо үчүн атайын операция жарыяланган. Россиянын Коргоо министрлиги, Куралдуу күчтөрү соккуну Украина тараптын аскердик инфраструктуралары менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын билдиришти. Тилекке каршы, эки жактан тең курман болгондор, жаракат алгандар бар.
Донбасстагы чыр-чатак 2014-жылдан бери уланып келет. Ошол жылы 15-апрелде расмий Киев аскердик операция башталганын жарыялап, аймакта элдик кошуундар менен Украина армиясынын бөлүктөрү кагылышкан. Сегиз жылдан бери ДЭРде 5 150 адам, анын ичинде 91 бала көз жумган. Ал эми ЛЭРде 841 жаран, анын ичинде 34 бала каза тапкан.
БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссариатынын маалыматы боюнча, Донбасстагы чатакта көз жумгандар 13,1-13,3 миңди, жабыркагандар 29 500-33 500дү түзөт.