БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Сөз эркиндигине жамынып, жалган маалымат таратууга жол берилбейт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев ЖМКларга кайрылуусунда айтты.
Ал ушу тапта дүйнө коомчулугу дүрбөлөң түшүп, абал тынч эмес экенине токтолгон.
"Урматтуу кыргызстандыктар жана ММКнын өкүлдөрү! Сиздерден сураныч, дүйнө коомчулугу дүрбөлөңгө түшүп турганда жалган маалыматтарды таратпаңыздар. "Интернеттен алдык" деп эле жалган маалыматтарды жеке менчик телевидениеден таратып, мамлекеттер аралык кастыкты козутуудан алыс болсоңуздар. Анан мыйзам чегинде териштире баштаса "сөз эркиндигин ооздуктап жатат" деп айтып чыгасыздар. Сөз эркиндиги болуп келген жана боло берет. Эч ким сөз эркиндигин чектеген жок. Ошол эле маалда сөз эркиндигине жамынып алып жалган маалыматтарды жеке телевидение жана башка маалымат булактарынан таратууга жол берилбесин эстен чыгарбоо маанилүү", — деген Султанбаев.
Ал Кыргызстан жөнүндө кандайдыр бир күмөн жараткан маалымат таратардан мурда расмий булактарга кайрылып, жооп алуу зарылдыгын белгилеген.