БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Киев режиминин согушка жарамдуу авиациясынын дээрлик баары жок кылынды. Бул тууралуу Россиянын Коргоо министрлигине таянуу менен Sputnik Жакынкы чет өлкө Telegram-каналы билдирди.
Маалыматта Россиянын аба-космостук жана абадан коргонуу күчтөрү Украинанын үч Су-27 истребители менен үч учкучсуз учкан аппаратын атып түшүргөнү айтылат.
Мындан тышкары, Винницадагы аэродром иштен чыккан. Министрлик өз аэродромун пайдаланууга уруксат берген чектеш мамлекеттерди куралдуу жаңжалга кийлигишти деп эсептей турганын билдирген.
Ушу тапта Украина аскер-өнөр жай комплексинин кызматкерлерин талкаланган аскер техникасын оңдоого мажбурлап жатканы айтылды. Россия мындай объектилерге сокку урарын белгилөөдө.
Эскерте кетсек, Россиянын Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо боюнча атайын операциясы 24-февралда башталган. Андан бери тараптар эки ирет сүйлөшүп, жаңыра турчу аптанын башында үчүнчү жолу жолугат. Сүйлөшүүлөр Беларусь Республикасынын аймагында өтүп келди.