Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

7-мартка караган түнү өлкөнүн дыйканчылык аймактарынын көпчүлүк жерлеринде жамгыр, тоо этектеринде кар жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр, Ысык-Көл менен Нарын облусунун кээ бир жерлеринде кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +7...+12, Талас жергесинде +6...+11, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +9...+14, Ысык-Көлдө +4...+9, Нарын аймагында 0...-5 градус болот.
Бул күнү Бишкек менен Ош шаарларында жамгыр жаайт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +8...+10, Ошто +11...+13 градусту көрсөтөт.
Кар жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы