Кытай аскердик кубаттуулугун күчөтүү үчүн кошумча 229,5 миллиард доллар бөлдү

Кытай аскердик логистикалык системасын, аскердик активдерди аралыктан башкаруу системасын жакшыртууну жана техника менен курал-жарактарды модернизациялоону пландап жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Кытай бийлиги 2022-жылы аскердик кубаттуулугун ар тараптан бекемдөөнү пландап жатат. Ошондуктан аскердик бюджетти 229,5 миллиард долларга көбөйттү. Бул тууралуу ишемби күнү жергиликтүү ЖМКларга жарыяланган өлкөнү өнүктүрүү планына шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Аскерлердин окуусун жана согуштук даярдыгын жакшыртуу зарыл. Анткени Кытайдын суверендүүлүгүн, коопсуздугун жана кызыкчылыктарын коргошубуз керек. Өкмөттүн ар бир органы куралдуу күчтөр менен улуттук коргонуунун мындан ары дагы бекемделиши үчүн колдон келген аракетин көрүүсү зарыл. Аскер, бийлик жана элдин биримдиги бекем жана кыйрагыс бойдон калышы керек", — деп айтылат документте.
Ошондой эле докладда аскердик-логистикалык системаны, аскердик активдерди аралыктан башкаруу тутумун жакшыртуу, аскердик техниканы жана курал-жарактарды модернизациялоо, ошондой эле коргонуу жаатындагы инновациялык жана илимий иштерди улоо зарылдыгы айтылган.
Z россиялык операциясы батыш аналогдорунан кандай айырмаланат?