Кыргыз-кытай чек арасынан өткөн товардын көлөмү пандемияга чейинки абалына жетти

Кыргыз тарап Кытайга өткөрүү пунктуларынын иштөө убактысын узартуу маселесин карап чыгууну сунуштады.
Sputnik
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркеч-Там" көзөмөл-өткөрүү пунктуларынан өткөн товарлардын көлөмү пандемияга чейинки абалына жетти. Бул тууралуу Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун элдик башкармалыгынын төрагасынын орун басары Лю Суше билдирди.
Министрлер кабинетинен кабарлашкандай, өкмөт башчынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Лю Суше менен видеоконференция форматында сүйлөшүү жүргүздү.
1 / 3

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркеч-Там" көзөмөл-өткөрүү пунктуларынан өткөн товарлардын көлөмү пандемияга чейинки абалына жетти

2 / 3

Министрлер кабинетинен кабарлашкандай, өкмөт башчынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Лю Суше менен видеоконференция форматында сүйлөшүү жүргүздү

3 / 3

Анда тараптар чек ара аркылуу өлкөлөр ортосундагы товарлардын агымын көбөйтүү, тагыраагы, "Торугарт", "Эркеч-Там" өткөрүү пунктулары аркылуу жүктөрдү өткөрүүнүн ар кандай ыкмалары тууралуу кеп кылышты

Анда тараптар чек ара аркылуу өлкөлөр ортосундагы товарлардын агымын көбөйтүү, тагыраагы, "Торугарт", "Эркеч-Там" өткөрүү пунктулары аркылуу жүктөрдү өткөрүүнүн ар кандай ыкмалары тууралуу кеп кылышты.
Лю Суше билдиргендей, учурда бул эки пункт аркылуу өткөн товарлардын саны пандемияга чейинки мезгилге жетти. Ал эми Кытай тарап консенсуска келип, кызыкчылык туудурган багыттар боюнча мындан ары иш алып барууга даяр экенин билдирди.
Кыргыз тарап өткөрүү пунктуларынын иштөө убактысын узартуу маселесин карап чыгууну сунуштады.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында протокол кабыл алынды.
Россия Кыргызстандан помидор жана калемпир алып кирүүгө уруксат берди
Кытай аскердик кубаттуулугун күчөтүү үчүн кошумча 229,5 миллиард доллар бөлдү