Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Илон Маск Starlink системасынан россиялык ЖМКларды өчүрбөй тургандыгын айтты

Маск бир нече өлкөнүн өкмөттөрүнүн санкцияга байланыштуу суранычын аткарбай тургандыгын ачык жарыя кылган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Америкалык ишкер Илон Маск глобалдуу спутниктик Starlink системасынан россиялык жаңылыктар басылмаларын өчүрбөй тургандыгын билдирди.
"Бир нече өлкөнүн өкмөттөрү (Украина эмес) Starlink системасынан россиялык жаңылыктар басылмаларын чыгарып коюуну айтышты. Муну бизге мылтык такап турса гана жасайбыз. Кечирип койгула, мен сөздүн абсолюттук эркиндигин колдойм", — деп жазган Маск Twitter аккаунтуна.
Учурда РФтин Украинада демилитаризация жана денацификация боюнча жүргүзүп жаткан атайын операциясынан улам россиялык ЖМКлар Google жана Meta тараптан болуп көрбөгөндөй чектөөгө кабылды. Facebook, Instagram, YouTube, Google Discover интернеттен издегенде россиялык жаңылыктар боюнча басылмаларды көрүнүп турган саптан болушунча ылдый түшүрүп, көрсөтпөө аракети жүрүп жаткан учуру.
Starlink — SpaceX компаниясы тарабынан иштелип чыккан, интернетке жеткиликтүүлүктү тездик жана кеңдикте жайылтууну камсыздаган глобалдуу спутниктик система.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россияда Facebook менен Twitter тармактарына чектөө киргизилди. Себеби