Бишкекте "Бис-Квит" тобу концерт берди. Сүрөт

Питерден келген ансамбль жергиликтүү, чет элдик фильмдердин музыкаларын, кыргыз композиторлорунун чыгармаларын жана ретро ырларды аткарышты.
Sputnik
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда аялдардын эл аралык майрамына карата россиялык "Бис-Квит" тобунун концерти болгонун Бишкектеги Русский дом билдирди.
1 / 2

Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда аялдардын эл аралык майрамына карата россиялык "Бис-Квит" тобунун концерти болгонун Бишкектеги Русский дом билдирди

2 / 2

Алты кишиден турган жамаат классикалык музыкаларды, чет элдик фильмдердин музыкаларын, кыргыз композиторлорунун чыгармаларын жана 70, 80, 90-жылдардан тарта азыркы мезгилге чейинки ырларды аткарышты

Алты кишиден турган жамаат классикалык музыкаларды, чет элдик фильмдердин музыкаларын, кыргыз композиторлорунун чыгармаларын жана 70, 80, 90-жылдардан тарта азыркы мезгилге чейинки ырларды аткарышты.
"Бишкектиктер үчүн кыргыз композиторлорунун бир нече чыгармасын тартуулашты. Алар джаз музыкасы менен орус элдик ырларынын элементтерин айкалыштырып, башкача стиль түзүшкөн. Ага да көрүүчүлөр күбө болушту", — деп айтылат маалыматта.
Концерттин алдында Бишкектеги Русский дом уюмунун жетекчиси Виктор Нефедов Кыргызстандагы аялзатын 8-март — Аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктады. Аталган ансамблдин концертин Россиянын Маданият министрлиги Россотрудничество менен биргеликте Кыргызстан — Россия эриш-аркак жылынын алкагында уюштурган. "Бис-Квит" тобу буга чейин Караколдо концерт берген.
Кремлдеги "Борбор Азия эл достугу" мекендештерди колдоп-сүрөөгө арналды. Маек
Коньки тээп чыккан Жапаров, толкунданткан хоккейчилер. Ачылыш аземдин видеосу