Калпактын төбөсүндө кайчылашып турган төрт сызык жана чачыгы күндүн, жашоонун символу деп эсептелет. Баш кийимдин төрт талаага бычылышы кыргыздардын төрт санына өзгөчө маани беришинен улам. Мисалы, төрт түлүк мал, төгөрөктүн төрт бурчу, жылдын төрт мезгили деген өңдүү сандык касиет калпакта атайын жасалган. Бул тууралуу Клара Асангулова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда эркектер маанисине карабай каалаган түстөгү кыргагы, кыюусу менен калпак тиктирип кийишүүдө. Бирок оюулары жаш курагына жараша түшүрүлөт.
"Илгери көчмөн кыргыз кийген калпагын өзү отурган жерден өйдө койгон. Уукка кыпчып, баканга илишкен. Сыйлуу коноктун астына ат тартып, үстүнө чепкен жаап, кой союп коноктогон, бирок калпагын белекке берген эмес. Себеби "калпагымды бергеним, башымды ийип бергеним, камчымды бергеним, каалаганыңдай кул кылып колдон дегеним" дегенди түшүндүрөт. Калпак муундан-муунга гана өтүшү керек. Мурда кыргыздар туулган күндү эмес, мүчөл жашын белгилешкен. Он эки жыл сайын бир мүчөл жашын белгилеп коюшчу. Буга байланыштуу калпакты жаш курагына жараша кийүү концепциясы иштелип чыккан. Эгерде өспүрүм 12 жашта болсо, анда баш кийимдин кыюулары жашыл, 24 жашка чыккандар үчүн көк түс колдонулат. Ал эми үйлөнүүгө даяр, кыз карап жүргөн эркектер кыюусу кызыл түстөгү калпак кийип жүрүшкөн. 36 жаштагылар үчүн күрөң түс, 48 жаштагыларга саргыч, алтымыштагыларга ак түс жарашып, андан кийин акылмандыктын белгиси катары оюм-чийимсиз ак-караны колдонушкан", — деди Асангулова.
Ал ошондой эле учурда дүкөн, базарларда сапаттуу калпактар сатыла баштаганын жана аталган баш кийим 1 700 сомдон өйдө тигилерин кошумчалады.