Шашылыш билдирүү! Жаан жаап, жолдорго көчкү түшөт

Кийинки жуманын шаршембисине чейин абанын температурасы жогорулап көчкү түшүү кооптуулугу жаралат.
Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратып, кар көчкү түшүү кооптуулугун эскертти.
Маалыматка ылайык, 5-9-март күндөрү абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшөт.
Төмөнкү жолдордо кооптуулук бар:
Бишкек — Ош автоунаа жолунун Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында;
Ала-Бука — Каныш-Кыя жолунун Чапчыма ашуусунда;
Красная Горка — Ак-Таш жолунун 1-4-чакырымдарында;
Каракол — Эңилчек жолунун 45-48, 65-90-чакырымдары;
Казарман — Ак-Тал-Чат жолунун Ийри-Суу тилкеси, Кара-Көө ашуусу;
Ошондой эле жолдорго муз тоңуп, тайгак болору эскертилди. Мындан улам ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоого чакырат.
Жаз келди! Мартта аба ырайы кандай болот