Валерий Кичин "Локомотивдин" дарбазасына өзүнөн ашыра тээп гол киргизди. Видео

Кыргызстандык футболчу Валерий Кичин Москванын "Локомотив" клубу менен ойноп жатып, анын дарбазасына топту өзүнөн ашыра тээп, гол киргизди.
Sputnik
Жакында кыргызстандык футболчу ойногон "Енисей" клубу Россия кубогунун 1/8 финалынын алкагында "Локомотив" менен беттешти.
Кичин биринчи таймдын 25-мүнөтүндө топту өзүнөн ашыра тээп, атаандаштын дарбазасына укмуштуу кооз гол киргизди. "Локомотив" клубунун дарбазачысы андан кийин дагы үч топту тосо алган жок.
Жыйынтыгында "Енисей" атаандашын 0:4 эсебинде жеңип, Россиянын II дивизионунун улуттук футбол лигасында тогузунчу орунга илинди. "Локомотив" жогорку дивизиондогу команда жана учурда Улуттук кубоктун ээси болуп эсептелет.
Тема боюнча:
Роман Абрамович "Челси" футбол клубун сатмай болду. Ээси ким болот
Александр Крестинин кызматынан мөөнөтүнөн мурда кетиши мүмкүн
Мышыкты ыргыта тепкен футболчу менен иштешүүдөн Adidas компаниясы баш тартты. Видео