Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россияда аскерлер тууралуу фейк тараткандарды жазалоо мыйзамы кабыл алынды

Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володиндин айтымында, документ бүгүн Федерация кеңешине жөнөтүлүп, андан соң президентке кол коюу үчүн берилет.
Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Мамлекеттик Дума Россия армиясын дискредитациялап жана өлкөгө каршы санкцияларга үндөгөн фейк маалыматтарды тараткан адамдарды кылмыш жазасына тартуу же ири суммадагы айыпка жыгуу боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Өзгөртүүлөр Кылмыш жана Кылмыш-процессуалдык кодекстерине киргизилмекчи.
Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн аракеттери тууралуу туура эмес маалымат тараткан кишилер бери дегенде 700 миңден 1,5 миллион рублге чейин айыпка жыгылат. Же 18 айлык кирешесин айып пул катары төлөп бериши зарыл болот. Мындан тышкары, бир жылга түзөтүү иштерине же үч жылга айтылган жерде иштөөгө милдеттендирилет. Болбосо үч жылга чейин эркинен ажыратылат.
Ал эми фейк маалымат таратып, далилдерди жасалмалаган кызмат адамдары 5-10 жылга кесилет же 3-5 миллион рубль айып пул төлөйт. Оор кесепетке алып келген жалган материалдарды тараткандар 10-15 жылга соттолот.
Мыйзамдын негизги максаты — Россия аскерин жаманатты кылып, башка өлкөлөрдүн санкциялык саясатын пропагандалоону көздөгөндөрдүн жоопкерчилигин күчөтүү.
Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володиндин айтымында, долбоор бүгүн Федерация кеңешине жөнөтүлүп, андан соң президентке кол коюу үчүн берилет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ ТИМи: Россиянын Украинадагы операциясы боюнча фейктердин артында НАТО турат
Сайтты 2 айга жаап салат. Жалган маалымат тараткандарды жазалоо жобосу чыкты