Россиядан Кыргызстанга кеткен айрым авиарейстер токтоду. Билетти кайтаруу жолу

Ишкананын сайтында 21 мамлекетке кеткен рейстер токтотулганы белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. S7 Airlines авиакомпаниясы Кыргызстанга бара турчу 30-апрелге чейинки рейстерин токтотууга мажбур болгонун кабарлады.
Токтотулган рейстердин тизмеси:
Новосибирск — Ош — Новосибирск, S7 5545 / S7 5546;
Владивосток — Ош — Владивосток, S7 6251 / S7 6252;
Москва — Ош — Москва, S7 3259 / S7 3260 и S7 3261 / S7 3262;
Волгоград — Ош — Волгоград, S7 6419 / S7 6420;
Красноярск — Ош — Красноярск, S7 6407 / S7 6408;
Нижний Новгород — Ош — Нижний Новгород, S7 6457 / S7 6458;
Новосибирск — Бишкек — Новосибирск, S7 5541 / S7 5542;
Иркутск — Бишкек — Иркутск, S7 6347 / S7 6348;
Москва — Ысык-Көл — Москва, S7 3257 / S7 3258;
Новосибирск — Ысык-Көл — Новосибирск, S7 5549 / S7 5550.
Маалыматка караганда, S7 Airlines компаниясынын аэропорттогу өкүлчүлүгү аркылуу мурда сатып алынган билеттерди өткөрүп же башка датага жылдырууга болот.
"Билетти кассалардан же башка сайттардан сатып алгандар ошол алган жеринин агентине кайрылышы керек. Эгер билет авиакомпаниянын сайтынан же тиркемеден алынган болсо, анда билетти "Мои бронирования" бөлүмүнөн кайтарып же алмаштырууга болот", — дешти компаниядан.
Ишкананын сайтында 21 мамлекетке кеткен рейстер токтотулганы белгиленген.
Акылбек Жапаров: Баткендеги эки аэропортко эл аралык макам берилет