Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин: орустар менен украиндер — бир эл, мен мындан эч качан баш тартпайм

Путин Украинанын айрым жашоочулары коркконунан, кээ бири билип туруп улутчулдук пропагандага азгырылып кеткенин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин орустар менен украиндер бир эл экенин айтып, бул ишенимден эч убакта баш тартпай турганын белгиледи. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

“Украинанын айрым жашоочулары коркконунан, кээ бири билип туруп Улуу Ата Мекендик согушта Гитлердин катарында согушкан бандерачылардын жолун жолдоп, улутчулдук пропагандага азгырылып калганына карабастан мен орустар менен украиндер бир эл деген ишенимден кайтпайм", — деген Путин Коопсуздук кеңешинин жыйынында.

Эске салсак, 24-февралдын таңынан тарта Украина — Россия мамилесиндеги кырдаал башкача өңүт алган. Украина тараптан ЛЭР менен ДЭРге карата аткылоонун аягы үзүлбөй, аталган республикалардын жетекчилери РФ лидери Владимир Путинден жардам сураган. Мындан улам Путин эртең менен элине кайрылып, Донбасста атайын операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылды.
28-февралда жана 3-мартта Россия менен Украина делегациясы Беларустун аймагында жолугуп, сүйлөшүү жүргүзгөн. Жакын арада сүйлөшүүнүн үчүнчү раунду өтөт.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия менен Украинанын сүйлөшүүсүнүн экинчи раунду аяктады. Жыйынтыгы
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: Украинада курман болгон жоокерлердин үй-бүлөсүнө 7 млн. рублдан төлөнөт