БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Бүгүн Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы сейил бакта "Ак калпак" инсталляциясынын ачылышы болду. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.
Иш-чарага вице-мэр Венера Рыскулова, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, калаадагы жаштар, активисттер жана тургундар катышты.
Үч бурчтуу түз призма түрүндөгү төрт метрлик инсталляциянын бардык тарабына Ош шаарынын бренди түшүрүлгөн
© Фото / пресс-служба мэрии города Ош
"Үч бурчтуу түз призма түрүндөгү төрт метрлик инсталляциянын бардык тарабына Ош шаарынын бренди түшүрүлгөн. Үстүнө улуттук баш кийим – Ак калпак орнотулган", — деп айтылат маалыматта.
Ак калпак күнүнө карата шаардын борбордук көчөлөрүндө массалык жөө жүрүш дагы өттү.
Белгилей кетсек, жыл сайын 5-мартта Ак калпак күнү белгиленет.