Өлкөдөгү банктарда салымдардын көлөмү 11,1 миллиард сомго азайган. Себеби

Өткөн жылдын этегинде Кыргызстандагы банктарда салымдардын көлөмү 243 миллиард сомду түзгөн. Бирок бир айдан кийин 11 миллиард сомго азайган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Улуттук банк банктардагы салымдардын көлөмүнүн 11,1 миллиард сомго жакын азайганын сезондук фактор менен түшүндүрдү.
Эске салсак, Улуттук банктын маалыматы боюнча узаган жылы депозиттердин саны 243 миллиард 947 миллион сомду түзгөн. Январдын этегинде 231 миллиард 868,1 миллион сомго чейин азайган. Sputnik Кыргызстан агенттиги мунун себебин билүү үчүн Улуттук банкка сурам жөнөткөн.
"Бул негизинен юридикалык жактардын эсебиндеги каражаттардын (7 миллиард сомго же 7,8 пайызга) жана жарандардын депозиттеринин (3 миллиард сомго же 5,4 пайызга) азайышына байланыштуу", — деп жазылган каттын жообунда.
Юридикалык жактардын эсебиндеги каражаттардын азайышы сезондук мүнөзгө ээ экендиги белгиленет. Тагыраагы, 2021-жылы январда 2020-жылдын жыйынтыгына салыштырмалуу салымдардын көлөмү 4,4 миллиардга аз болгону байкалган.
"Жылдын башында экономиканын субъектилери жана мамлекеттик ишканалар мурда бөлүнгөн каражаттарды өздөштүрүү процессин баштайт, жаңы жылдык майрамдардан кийин бизнес жанданат, ошондой эле жазгы талаа иштерине даярдык көрүү боюнча тиешелүү иш-чаралар пландалат", — деп билдирди Улуттук банк.
Ал эми 2021-жылдан бери Кыргызстандын банктарындагы салымдардын көлөмү 62 миллиард сомго өскөн. Аталган каражаттын баары депозит катары көрсөтүлгөн, бирок учурдагы банктык эсептердеги акчалар да эске алынат. Көрсөтүлгөн суммага юридикалык жактардын, жеке жактардын, ошондой эле резидент эместердин да каражаттары кирет.
Доллардын көтөрүлүшү кыргызстандыктарга кандай кесепетин тийгизүүдө? Видео
Айлыктан акча арттырып... Тыйын-тыпыр чогултуунун 5 ыкмасы