Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Киев Россия менен сүйлөшүүнүн үчүнчү этабына даяр экенин билдирди

Украина тараптын маалыматы боюнча, сүйлөшүүнүн үчүнчү раунду кийинки жуманын башында болот.
Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Украина Россия менен сүйлөшүү жүргүзүүгө кайсы убакыт болсо да даяр. Бул тууралуу Владимир Зеленскийдин кеңсе башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк билдиргенин РИА Новости жазды.
"Адамдарды аман алып калуу үчүн биз кайсы убакыт болсо да сүйлөшүүгө барууга жана мындан ары иштешүүгө даярбыз", — деди Подоляк.
Ал сүйлөшүүдө туткундар менен алмашуу тууралуу да кеп болорун кошумчалаган.
Эске салсак, Беларустун Брест облусунда Россия менен Украинанын сүйлөшүүлөрүнүн экинчи раунду болуп, анда тараптар бир катар гуманитардык маселелерди, анын ичинде жардам жеткирүү коридорлорун уюштуруу үчүн атышууну убактылуу токтотуу мүмкүнчүлүгүн макулдашкан. Кремль гуманитардык маселе боюнча жетишилген макулдашуунун маанилүүлүгүн белгилеген.
Украина тараптын маалыматы боюнча, сүйлөшүүнүн үчүнчү раунду кийинки жуманын башында болот.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: орустар менен украиндер — бир эл, мен мындан эч качан баш тартпайм