Кеминде аңчылыкка чыккан киши кар көчкү басып каза болду

Издөө иштерине саат 15:55те беш куткаруучу тартылган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Чүй облусунун Кемин районунда аңчылыкка чыккан бир киши кар көчкү басып каза болду. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 3-март күнү Кызыл Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Жел-Арык коктусуна аң уулоого чыккан үч аңчынын бири жок болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшүп, саат 15:55те беш куткаруучу тартылган.
Алар барганда коктуда болжол менен 3 000 метр куб кар көчкүсү түшкөндүгү аныкталган. Издөө иштеринин алкагында саат 17:45те көчкүнүн астынан 49 жаштагы Б. Р. аттуу кишинин сөөгү табылган.
Маркумдун сөөгү райондук ички иштер кызматкерлерине өткөрүп берилди.
Баткенде күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болду
Казарманда кар көчкү алдында калган кытай жаранынын сөөгү табылды