Оңдоп жаткан. Караколдо оор жүк ташуучу унаа басып калган киши көз жумду

Окуя кирпич заводдун аймагында жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жанында болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Каракол шаарында 32 жаштагы кишини оор жүк ташуучу унаа басып калып көз жумду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, окуя кирпич заводдун аймагында жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жанында болгон.
"32 жаштагы У.У. аттуу эркек киши оор жүк ташуучу унааны оңдоп жаткан маалда техника басып калган", — деп айтылат маалыматта.
ӨКМдин куткаруучулары жеткенге чейин жергиликтүү тургундар жабыркаган адамды чыгарып, Тез жардам кызматы алып кеткени айтылды. Бирок ал ооруканага жетпей үзүлгөн.
Ноокатта иске ууланып, аялы менен күйөөсү жана 9 жашар небереси каза болду
Сокулукта унаа койгон окуучу кыздар микроавтобустун алдына кирип кеткен. Видео