Ишембиге карата аба ырайы

5-марттан 9-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош автоунаа жолунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. 5-март, ишембиге караган түнү, жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 5-мартта күндүз 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +15...+20, Талас облусунда +13...+18, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +18...+23, Ысык-Көлдө +8...+13, Нарын өрөөнүндө +5...+10 градус жылуу болот.
Борбор калаада күндүн табы +18...+20, ал эми Ош шаарында +20...+22 градуска чейин көтөрүлөрү болжолдонду.
Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече темир жолунун долбоорун иштеп чыгуу башталды