Адис: көп сакталуучу азык баланын бардык органын талкалайт

Адис бөйрөктүн иштен чыгышына көбүнчө гломерулонефрит, кант диабетинин күчөп кетиши себеп болорун айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Гүласыл Сутуева Sputnik Кыргызстан агенттигине курган маегинде балдар эмне себептен бөйрөк оорусуна кабыларын айткан.
Адис белгилегендей, бөйрөктүн иштен чыгышына көбүнчө гломерулонефрит, кант диабетинин күчөп кетиши себеп болот.
Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Гүласыл Сутуева

"Бөрү жатыш оорусунда да бардык органдардын иши бузулат. Бирок башка органдар көп билинбейт, бөйрөктүн ооруганы дароо байкалат. Анткени ал ички шлактарды сыртка чыгарып турбаса ууланат. Баары жакшы болуп, баланы таза тамактандырып багып жатканда деле тукум куучулук дарты болушу мүмкүн. Гломерулонефрит дартынын 30 пайызы генден болот. Бул ушул оору менен жабыркаган адамдын баласы сөзсүз бул дартка чалдыгат дегенди билдирбейт. Тукумунда бөйрөк оорусу барлар абайлап жүрүшү керек", — деген Сутуева.

Ал жаш балдарга канцерогендери көп тамактарды берүү да зыян экенин белгилеген.
"Дарыгерди укпаган ата-эне бар. Медиктин кабылдамасынан чыгып эле эки-үч жыл сактала турган кириешки, вафлилерди сатып берип жатканын көрөм. Көп сакталуучу азыктын бирин да балага бербеш керек. Алар органдын баарын талкалайт", — деген медик.
Адистин маегин толугу менен Sputnik Кыргызстан агенттигинен окуй аласыздар.
Министр: бөйрөк, боор алмаштыруу операцияларын өзүбүздө жасоого акча бөлүндү