БАЭнин Соода-өндүрүш палатасы КР товарларын сатууга жардам бермей болду

Кыргызстандык ишкерлер сүйлөшүү жүргүзгөн LuLu Group International — индиялык улуттар аралык компания. Ага бир нече гипермаркет менен соода борборлору баш иет. 2000-жылы негизделип, штаб-квартирасы Абу-Дабиде орун алган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. – Sputnik. Бириккен Араб Эмирлигинин Соода-өндүрүш палатасынын башкы катчысы Хумейд бен Салем кыргызстандык ишкерлерге ата мекендик товарларды БАЭде сатууга жардам берерин убадалады. Бул тууралуу Кыргызстандын Соода-өндүрүш палатасынан билдиришти.
1 / 3

Бириккен Араб Эмирлигинин Соода-өндүрүш палатасынын башкы катчысы Хумейд бен Салем кыргызстандык ишкерлерге ата мекендик товарларды БАЭде сатууга жардам берерин убадалады

2 / 3

Тараптар Бириккен Араб Эмирлигинде Expo-2020 жарманкесинин алкагында жолуккан

3 / 3

Кыргыз тараптын чакыруусу менен иш-чарага жети эмирликтин Соода-өндүрүш палаталарынын өкүлдөрү катышты. Кыргызстандын ар бир компаниясы өзүнүн продукциясын көрсөтүп, LuLu Group International соода борборунун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Тараптар Бириккен Араб Эмирлигинде Expo-2020 жарманкесинин алкагында жолуккан.
Кыргыз тараптын чакыруусу менен иш-чарага жети эмирликтин Соода-өндүрүш палаталарынын өкүлдөрү катышты. Кыргызстандын ар бир компаниясы өзүнүн продукциясын көрсөтүп, LuLu Group International соода борборунун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
"Хумейд бен Салем кыргызстандык ишкерлерге колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирип, өлкө рыногунда товарларды сатууга колдоо көрсөтөрүн билдирди. Ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары дагы жакшыртууга кызыкдар экенин билдирди", — деп айтылат билдирүүдө.
LuLu Group International — индиялык улуттар аралык компания. Ага бир нече гипермаркет менен чекене соода борборлору баш иет. 2000-жылы негизделип, штаб-квартирасы Абу-Дабиде орун алган.
Казакбаев БАЭге визасыз режимге өтүүнү сунуштады. Көтөрүлгөн маселелер