Жумуш ордун түзгүлө! Акылбек Жапаров облус башчылары менен кеңешме өткөрдү

Жыйында жазгы талаа иштеринин жүрүшү, президенттин өлүм чыккан жерде мал союуга тыюу салган жарлыгынын аткарылышы, жерлерди трансформациялоо сыяктуу актуалдуу маселелер каралган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана район акимдери менен видеоконференция аркылуу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана район акимдери менен видеоконференция аркылуу жыйын өткөрдү

2 / 2

Билдирмеге караганда, жыйында жазгы-талаа иштеринин жүрүшү, президенттин өлүм чыккан жерде мал союуга тыюу салган жарлыгынын аткарылышы, жерлерди трансформациялоо сыяктуу актуалдуу маселелер каралган

Билдирмеге караганда, жыйында жазгы талаа иштеринин жүрүшү, президенттин өлүм чыккан жерде мал союуга тыюу салган жарлыгынын аткарылышы, жерлерди трансформациялоо сыяктуу актуалдуу маселелер каралган.
Акылбек Жапаров жергиликтүү бийлик органдары бүгүнкү күндө жаңы жумуш орундарын түзүп, инвестиция тартышы керектигин белгиледи.
"Жергиликтүү бийликтин иши аймактардагы тартип, тазалык, мамлекет башчынын жарлыктарынын, министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышы сыяктуу KPI көрсөткүчтөр боюнча бааланат. Аймактардагы төрөт үйлөрүнүн абалына, сөөк коюуга байланыштуу жер маселесине көңүл бургула", — деген Жапаров.
Ал облус, район башчыларына бизнес-долбоорлорду мамлекеттик банктар аркылуу биргелешип каржылоого даяр экенин кошумчалаган.
Бөлүнгөн акча баарыңарга жетпейт! Садыр Жапаров дыйкан, фермерлерге кайрылды