Жардам облустагы Волчанск калаасына, шаар тибиндеги Казачья Лопань посёлогуна Белгород облусунан жергиликтүү тургундардын өтүнүчү менен жеткирилген.
Элге эт жана балык консервалары, кондитердик азыктар жана нан, таттуулар, бутылкадагы ичүүчү суу, ар кыл акшактар кары-картаңдарга, аялдарга, балдарга таратылган. Колонна менен жолго чыккан жардамдын коопсуз жеткирилишин россиялык аскерлер камсыздаган.
РФтин коргонуу боюнча улуттук борборунун базасында Россиянын Коргоо министрлигинде гуманитардык иштер боюнча ведомство аралык координациялык штаб түзүлүп, күнү-түнү иштеп жатат.
"Штабдын негизги максаты — Украинанын көзөмөлгө алынган райондорунда, аны менен катар эле Донецк жана Луганск элдик республикаларынын элине ар тараптуу гуманитардык жардам көрсөтүү", — деп айтылган маалыматта.
Алардын Украинанын жай жашоочуларын жана чет элдиктерди эвакуациялоо иштерин да аткарары айтылды.
Тема боюнча: