БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Франциянын башчысы Эммануэль Макрон менен сүйлөштү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Путин Киевдин өкүлдөрү менен болгон сүйлөшүүлөрдүн контекстиндеги принципиалдуу мамилелерди жана шарттарды кеңири айтып берди. Биринчи кезекте кеп Украинанын нейтралдуу макамы жана демилитаризациялоо тууралуу болуп жатканын белгилеген", — деп билдирди Кремлдин маалымат кызматы.
Ошол эле учурда Путин Макрондун Франция элине кайрылуусунда айтылган көптөгөн тезистерге макул эместигин белгилеген.
"Анын ичинде Эммануэль Макрондун Россия Украинада улутчулдук менен күрөшүп жатканын "калп" деп атаганы бар. Буга байланыштуу ага Киевдин мамлекеттик саясатындагы улутчулдардын кыймылынын ролу жөнүндө жүйөлүү түшүндүрмөлөр берилген", — деп жазылган маалыматта.
Россиянын лидери гуманитардык көйгөйлөрдү чечүү үчүн чет элдик өнөктөштөр менен кызматташууга даяр экенин бышыктап, кесиптешин Украинадан чет мамлекеттиктерди коопсуз жайга көчүрүүгө катышууга чакырган. Макрон Киев жетекчилиги менен тиешелүү иштерди жүргүзүүгө убада берген.
Путин Россиянын аскерлери жай тургундардын өмүрүн сактоо үчүн бардык аракетин көрүп жатканын кошумчалаган. Аскердик инфраструктураны жок кылуу үчүн таамай аткан куралдар колдонулуп жатат. Киевге жана Украинанын башка шаарларында ракеталык чабуулдар жана жардыруулар болуп жатканы тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбей турганын белгилеген.
Ал ошондой эле батыштын ЖМКлары көп жылдан бери Донбасстагы геноцидге көз жумуп келгенин эске салган.
Мамлекет башчы Россия улутчул топтогу согушкерлерге каршы күрөшүн уланта берерин кошумчалаган.