Агам менен кеңешип жатабыз. Шаирбек Ташиев мандаты тууралуу жооп берди. Видео

Журналисттер Ташиевден мандат маселеси боюнча кандай чечимге келгенин сураган.
Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев мандатын тапшыруу маселеси боюнча акыркы чечимди өзү чыгара турганын билдирди.
Бүгүн журналисттер андан мандат маселеси боюнча кандай чечимге келгенин сураган.
"Бул маселе боюнча 10 миңдеген шайлоочуларым кайрылуу жиберишкен. Ал эми менин кайрылуум учурда фракцияда каралып жатат. Акыркы чечимди өзүм кабыл алам", — деди Ташиев.
"Бул маселе боюнча агаңыз Камчыбек Ташиев менен сүйлөштүңүзбү?" деген суроого "ооба, аны менен да сүйлөштүм, кеңешип жатабыз. Менин чечимимди угасыздар" деп жооп берди. Бирок чечими тууралуу качан маалымат берерин айтуудан баш тартып басып кетти.
Белгилей кетсек, 23-январь күнү УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев анын туугандары аралашкан "Кыргыз мунай газ" мекемесиндеги бизнеси тууралуу журналисттик иликтөө боюнча жооп берген. Анда бир үй-бүлөгө бир гана саясатчы жетерин айтып, иниси Шаирбек менен мандатын тапшырууга макулдашканын билдирген.
Аталган маселени тыкыр иликтеп чыгуу үчүн "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы төрага Талант Мамытовго да кайрылган.
2-февраль күнү мандатын тапшырбай турганын да кыйыткан болчу.
Шаирбек Ташиев №14 Жалал-Абад шайлоо округунан депутат болуп шайланган.
Чыңгыз Айдарбеков ЖКнын эл аралык комитетинин төрагасы болуп шайланды