Садыр Жапаров муз аянтына коньки менен чыкты. Чемпионаттагы сүрөт

Жапаров командалардын капитандары менен саламдашып, шайбаны ыргытып чемпионатка старт берди.
Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров IV дивизиондогу хоккей боюнча дүйнө чемпионатында муз үстүнө коньки тээп чыкты.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров IV дивизиондогу хоккей боюнча дүйнө чемпионатында муз үстүнө коньки тээп чыкты
Оюндун ачылыш аземи бүгүн, 3-мартта, Бишкектеги шаардык муз аянтында өттү. Жапаров командалардын капитандары менен саламдашып, шайбаны ыргытып чемпионатка старт берди.
Хоккей боюнча дүйнө чемпионаты бүгүн старт алды. Алгачкы оюнду Малайзия Кувейттин командасын 5:2 эсебинде жеңген. Андан кийин Кыргызстан менен Иран ойногон.
Турнир 8-мартка чейин созулат. Анда Кыргызстандын, Кувейттин, Малайзиянын, Сингапурдун жана Ирандын командалары бирден айлампа оюн өткөрүшөт. Эң көп упай топтогон команда үчүнчү дивизионго көтөрүлөт.
Өлкө тарыхында алгачкы жолу хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтүүдө. Анын ачылышына өлкө башчы Садыр Жапаров менен Эл аралык хоккей федерациясынын (IIHF) президенти Люк Тардиф катышты.
Оюндардын толук расписаниеси.
Кыргызстандын командасы Ирандын хоккейчилерин караандатпай утуп алды
Бишкектеги хоккей: алгачкы оюнда Малайзия Кувейтти утту