Радио

Сулайманов: өлкө боюнча 3 859 үй-бүлө кооптуу аймакта жашоодо

ӨКМдин калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгынын башчысы, полковник Асан Сулайманов жазга карата өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу иштери жүрүп жатканын белгиледи.
Sputnik
Республика боюнча 3 859 үй-бүлө кооптуу аймактарда жашоодо. Булардын ичинен 2 488 үй-бүлө жер тилкесин алып, көчпөй жаткандар. Бул тууралуу Асан Сулайманов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жаан-чачындан улам 2 500 аймакта сел, суу каптоо коркунучу бар экени аныкталган.

"Аба ырайынын жылышына байланыштуу кырсыктарды болтурбоо боюнча комплекстүү иш-аракеттер уюштурулууда. Тактап айтканда, кырсыктын алдын алуу, эскертүү, жээктерди бекемдөө, каналдарды тазалоо менен өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иштери. Республика боюнча 3 103 дарыянын жээктеринен суу ташкындоо кооптуулугу бар. Мындан тышкары, жаан-чачындан улам пайда болгон сел, суу каптоо коркунучу бар 2 500 аймак аныкталган. Учурда республика боюнча 3 859 үй-бүлө көчүрүлүүгө тийиш болгон кооптуу аймактарда жашоодо. Алардын көпчүлүгү жер көчкү коркунучу бар жерлер болуп саналат. Мунун ичинен 1 371 үй-бүлө мамлекеттик жардам жана жер тилкелерин албагандар. Ал эми калган 2 488 үй-бүлөгө мамлекеттик көмөк, жер тилкелери берилген. Ошого карабастан турмуш-тиричилик ыңгайына карап, тактап айтканда, айдоо, үлүш, жайыт жерлери бар экендигин жүйө келтирип көчпөй жатышат. Буларды көчүрүү боюнча ӨКМ жергиликтүү бийлик менен биргеликте өкмөттүн тапшырмаларына ылайык иш алып барууда", — деди Сулайманов.

Ошондой эле ал айрым учурда жарандарга бөлүнүп берилген жер тилкелери жок болуп кеткен (сатылып же башка себеп менен дайыны табылбай калган деген мааниде) учурлар кездешип жатканын кошумчалады.